Предыдущая публикация
Көнөктөп төгүп, көзүңдүн жашын агызба.
Көкөлөп учкан кыялдын күүлөп канатын,
Кадамың шилте, туңгуюк түндөн жарыкка.
Камыкпа боорум, кайгыга анча чөмүлбө,
Касыңа чабал, алсыздай болуп көрүнбө.
Канча түн болсо, ошончо атаар таңы бар,
Кайратты чыңдап, бек туруу керек өмүрдө.
Капаны айдап, куюндай алыс учуруп,
Камалып чыкпай, азапка турбай тутулуп.
Кабагын салып күрөшкө түшкөн тагдырга,
Калбагын досум, кайгырып жүрүп утулуп.
20.06.23 ТТ. Кой СУЫ (Овечий овраг)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
Жарааты бутпөй ак ириң сызган безиңди.
Жараткан буйрук шыпаасы менен сакайсын.
Жөну жок кыйнап, денеңден алба кегиңди.
Жашартат дуйнө, дени соо адам байкабайт.
Жакшылык менен өткөрсөң ар бир мезгилди.