Предыдущая публикация
Жалгыз өзүң көрккө бөлөп жер бетин.
Жараткандан сураганым бир гана,
Жан шеригим болчу менин Берметим.
Жашоо кызык, сен бар үчүн Мунарым,
Жан эргиткен сүйүүм, арзуум, кумарым.
Жан дүйнөнү жабыктырбай асырап,
Жандап жүрөөр, жаны бирге тумарым.
Жаркылдаган күндөй нуру чырагым,
Жакынымсың, жан азыгым, ынагым.
Жата калып чанкаганда шимирген,
Жароокерим, мөлтүр тунук булагым.
Жалган дүйнө, жалган жашоо өмүрдө,
Жалгызымсың, шык жараткан көңүлгө.
Жаздын жылуу деми өзүң жыттанып,
Жаздым ушул ырды сезим жөнүндө
03.03.2024. ТТ. Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев