Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Уулду болгусу келип уктабай жатат деп
ойлодуңар, аа! Жаңылышасыңар, андай
эмес. Алты ханбийкемди ар балэээден
коргоп уйкум качат. Кыздарыма чаң
жугузгум келбейт. Чоңойсо кантип турмушка
узатаарымды билбейм.
«Ата, чачымды баягыдай кылып өрүңүзчү»,
«Ата, бул көйнөктү алып бериңизчи», «Ата,
жомок окуп бериңизчи», «Ата, мага
«принцессанын» сүрөтүн тартып бериңизчи», «Ата, карасаң мен минте алам», кандай гана
таттуу үндөр.
Алтоо тең мага жакын. Апасына курсагын
тойгузганы эле барышат. Келинчегим кээде
таарынып калат. Жумуштан эрте чыгам.
Пробкада бир мүнөт туруп калсам жаман
«у болом. «Ушул жерде тургандын ордуна
кыздарым менен убакы
Мени күйөөгө бербей окуткан апама минтип айткым келет
«Кызым окуйт!» Ар дайым канатына калкалап басып жүрчү. «Сен эмне каалайсың?» Менден ушинтип сурайт. Кыялдарымды айтып берем. Унчукпай угуп отурат. Оңдобойт. Тек гана «сөзсүз
ошондой болот» деп жооп берет.
Атам бар, бирок мени менен иши жок. «Кызым, курсагың токпу» деген сөзүн бир дагы жолу
уккан жокмун. Достору үй-бүлөсүнөн кымбат. Апама деле жарытып сүйүү берген жок. Кайра
көңүлүн оорутуп жаман сөздөрдү айтат.
— Апа, жүр атамдын кетип калабыз.
— Кызым, мен сендей күчтүү эмесмин, мен алсызмын.
— Эмнеге?
— Мени ушинтип тарбиялашкан.
Таежелерим, чоң ата же энелерим, жеңелерим менин окушума каршы чыгышты. Кудайдын
куттуу күнү үйгө