Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Кургатылган кара өрүк колубузга тийсе тамшанып жеп койгонубуз менен анын адам баласынын ден соолугуна кандай пайдалуу экенин көп деле биле бербейбиз. Кыштын күнү көпчүлүк жемиштер пайдалуу сапаттарын жоготуп коюшат, ал эми кургатылган кара өрүк - табият тартуулаган керемет, кышында организмге керек болгон таттуу витамин.
Ден соолукка пайдасы
1. Ичеги-карынды жакшы иштетет. Кургатылган кара өрүк - ич катуунун душманы. Биринчи кезекте кургатылган жемиштин курамындагы жогорку көрсөткүчтөгү клетчатка, тамак сиңирүү органдарына абдан пайдалуу. Азык буласы тамак сиңирүү ферменттерин активдештирип, ичеги-карындын микрофлорасын баланстаганга жардам берет. Ичегини