АТАНЫН АРМАНЫ.
=================
Жашым 65тен өтүп калган, кемпирим экөөбүз 35 жыл өмүр сүрдүк.
Кемпиримдин өлгөнүнө быйыл туура он жыл болду.
7 балам бар, 4 уул, 3 кыз.
Баарысы жакшы иште иштешет, үйлүү жайлуу, чоң балам 40 жашында бул дүйнөдөн өттү.
Карыгандан баштап көп оорудум.
Ар кайсы доктурга барып көрүнөм, бутум ооруйт, нервден деп эле жаткырып коюшат.
Палатада жанымда жаткан аксакал киши жашы 67де экен, ал дагы башы ооруп жатыптыр.
Анын аты Жоробай, эки уулу, бир кызы бар экен.
Кемпири дүйнөдөн жаш кезинде эле өтүптүр, андан кийин такыр үйлөнбөптүр.
Эки уулу күнүгө келишет, атасына башкача мээрим менен карашат.
Балдары намаз окуган ыймандуу жигиттер, кызы да эки күндө бир кели