ТАЙКЫ ТАГДЫР
6- БӨЛҮМ
Жумушума келип, гүлдү терезеге көрүнбөй турган жерге коюп, эрте мененки жумуштарымды бүтүрүп, Айгүлгө кантип жолугууну,
эмне деп айтууну ойлонуп отурдум.
Бир топко чейин өз жумушумда отуруп, мектептин ичине кирдим.
Айгүлдү издеп,мугалимдердин бөлмөсүнө бардым, бөлмөгө көз жүгүртүп, аны издеп чыктым, көрүнбөдү.
Бир топ убакыт күтүп , кайрадан өз бөлмөмө келдим.
Жумуштагы жазуу иштеримди баштап жазып отуруп, катуу киришип кетиптирмин.
-- Кандайсын ?-- деген саламдашуудан башымды көтөрсөм бет маңдайымда Айгүл турган экен.
--Оой кел ! - дедим шашып.
Андайда оозума сөз деле кирбей калды.