ЭНЕКЕМДИН КОЛДОРУ
Күндөрдүн биринде энем, аны менен бирге дүкөн кыдырып келүүнү өтүндү. Кийим-кечек алмакчы экен.Чыдамсыз киши болгондугумдан улам, дүкөн кыдырууну дегеле жактырбайм, мүмкүн болушунча бул иштен дайыма оолак болууга тырышам. Бирок, өз энеңе кантип макул болбойсуң?... Аргасыз күрсүнүп, макул болдум. Ошентип соода кылууга жөнөдүк. Соода борборуна келгенде итиркейимди келтирип, катардан-катарга кыдыра баштадык. Энем болсо улам бир кийимди карап, ченеп, айтор кандай сунуштар болбосун жаратпастан, тандоосун уланта берди.
Убакыттар узаган сайын кыжырдана баштадым. Араңдан зорго чыдап энемди коштоп, аяк-башы бүтпөчүдөй соода катарларын аралап жүрдүм. Бир маалда көйнөгү, юбкасы, чыпта