Пияз маскасынын чачка пайдасы
Калың жана жалтыраган чач эркектерге да, аялдарга да керек. Чач түрлүү себептерден түшө баштайт: боёгондо, фен менен кургатканда жана үтүк менен түздөгөндө, түрдүү куралдарды колдонуу, ар дайым стресс абалында болуу, жагымсыз экологиялык орто менен туура тамактанбоо, организмге витаминдер, минералдар менен амин кычкылдарынын жетишпестиги. Албетте эгер чач өтө көп түшсө, трихологго же болбосо дерматологго кайрылуу зарыл. Бул көйгөйлөрдү акырындан чечиш керек, ал эми чачты бекем жана мыкты кылыш үчүн ар дайым үй шартында маскаларды жасаш керек.
Анын ичинде пияздан жасалган маскалар жакшы таасир берет. Пиязда витаминдер менен минералдар көп. Алар ар дайым биолог