«Аксакалдын беш насааты»
Абу Лайс Самаркандий (Алла ага ырайым кылсын) айтат: Мурдагы пайгамбарлардын бири түш көрөт, түшүндө ак сакалын жайкалткан, нурдуу абышка келип: “Эртең менен турганыңда биринчи көрүнгөн нерсени жегин, экинчисин жашыргын, үчүнчүсүнө жүздөнүп умтулгун, төртүнчүсүнө жолуксаң үмүтүн үзбөгүн, бешинчисинен качкын!” – дейт.
Ал пайгамбар эртең менен туруп көчөгө чыкса, көзүнө бир кара тоо көрүнөт: “Бул тоону кантип жемек элемин” – деп таң калат, буйрукту аткара берейин деп ал тоо тарапка барган сайын тоо кичирейе берет. Тоого жеткенче кичирейип олтуруп алмадай болуп калат, акырын колуна алып, бир тиштеп даамын сызат, өтө ширин, балдан таттуу экен. Жолун улап, бир аз жол ж