Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Ажырым жолго түштүк (Суроолор боюнча) Он тогуз жыл изи менен өткөндө Ойноп жүргөн балдарыбыз өскөндө Айласыздан ажыраштык экөөбүз Ажырым жол ортобуздан кескенде
Баш кошконбуз жакшынакай дем менен Бактыбызды тен бөлүшүп эл менен Башка аялды ортобуздан өткөрүп Баалабаган өз жубайын сен белен
Жашоом ушул эмне мага тен беле Жылдар өтсө түшүнөрсүн сен деле Жык каталар сенде менде болсода Жаш уул кызым азап көрөт эмнеге
Барган сайын ичтен күйүп жанамын Бөтөн жанга кетти сенин карааның Бүтүн болгон бир үйдөгү бакытты Билбейм эми кайдан издеп табамын
Кеткин мейли токтотбоймун кайрылба Кеткин мейли уза менден сан жылга Куса болуп атам жок деп жүрбөсүн Кабар бергин, балдарындан айрылба