. . .
Ойнош күтүү оттон ысык болсо да,
Кумарланып купулуна тойсо да.
Акыр бир күн аңга түртөт баарысын,
Убагында кутка окшоп консо да...
Shen 777
ПАРОДИЯ
Ойнош күтүү оттон ысык болсо да,
Укумуштуу жыргалга бир тойсо да.
Акыр түбү арман кылат, айла жок,
Аздык кылат эки көзүн ойсоң да.
Эч бир жанга көрүнбөстөн жашынып,
Көңүл ачсак көрүп турат Кудайым.
Ал гана эмес биз эмнени ойлосок,
Бүт баарысын билип турат ар дайым.
Туш келгенден төрөп коюп кээ бирлер,
Өз баласын ар кай жерге ташташат.
Кайсы жерде бузукулук көп болсо,
Аллахымдын балээлери башталат.
Азыр го алар эч нерсени ойлобой,
Ойнош ойноп зынаа кылып келишет.
Эртең эле кыяматта сот болот,
Аллах сурайт, эмне деп жооп беришет?
Ой