Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Ден соолук менен сулуулукту өз колубуз менен жасайлы Бөйрөктөрдү тазалоо менен сулуулугуңузду, ден соолугуңузду узакка сактаган болосуз. Бөйрөк оорусу кимдерди көп тооруйт? Бөйрөк оорусу өтө эле арык, узун бойлуу адамдарга көп жармашат. Мындай адамдарда бөйрөктү калыптагыдай абалда кармап турууга жардам берүүчү май капсуласы жакшы өөрчүгөн эмес. Демек, бөйрөктүн ылдый түшүп калуу коркунучу бар. Бөйрөк оорусунун ар кандай түрлөрү менен эркектерге караганда аялдар көбүрөөк оорушат. Бул аялдын организминин физикалык жана анатомиялык өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Көпчүлүк учурда бөйрөктүн ишинин бузулушу аял кош бойлуу кезинде башталат. Орто жаштагы жана