Кумардуу түндөр 5-баракча
-----------
Эртеси сабакка бардым сыр бербей, энем үйрөткөндөй. Классташ кызым да жакшынакай жүрөт. Сыягы ал үйдө болуп, эч ким тийбесе керек. Бат эле акыркы коңгуроо болуп, андан улай консультация, анан бүтүрүү экзамени болуп бүтүп, аттестаттар колго тийди. Энем шаарда жашаган эжеме кошуп, "эми айылга жолобо!" деп мени биротоло кетирди. Караколдо квартирада жашап, эжем иштеп, мен окууга тапшырдым. Күзгө жуук мен училишага киргенде, эжемди күйөө ала качып, мен айла жок жатаканага чыгууга туура келди.
Ушуларды айтып отуруп, Гүлүмкан ыйлап да алды.
- Ал зордукчулар азыр аскерде, келишсе сөзсүз өч алам! - деп күйүгүп отурду.
- Ээ Гүлүш, ага башты оорутпа, мага кой, ме