2- БӨЛҮМ.
Биз аял заты баарына чыдайбыз,баарын көтөрөбүз.Бирок бир да ташталган аял өзүн бактылуу сезе албайт экен.Мен үчүн жашоонун маңызы жоголгондой...Жалгыздыктан кутулуу үчүн,Айдар бактылуу болбосо да,мен бактылуу жашаган үйдү көрбөш үчүн гана шаарга аттандым.Жетилгенге чейин ата энесинин,бой жеткенде күйөөсүнүн карамагынан чыкпаган мен үчүн чоң шаарга аттануу оңойго турган жок.Жолдо баратып машинаны токтотуп,артка,Айдардын иштеген жерине кайтып баргым келди.Ошол аялды таап сүйлөшкүм келди.Аял,баарибир мени түшүнөт деп ойлодум.Бирок,башка аялдын жанында басынууга намысым жол бербеди.Ал-майрам.Мен -күнүмдүк жашоо...
-Сен эми бир жумуш менен алек болуп, өзүңдү алаксытууга аракет кылышың