Той шакегин тагыныпмын,сүйүнүп,
Билбептирмин,күткөн экен күйүтүм.
Убактылуу болгон экен,үлпөт той,
Сынганымдан калды беле,бир бүтүн.
Экинчи аял болгонумду айтканың.
Артка жол жок,болду эми кайтмагым.
Жан дүйнөмдүн согушуну сындырдың,
Кантип эми,конушума барамын.
Көңүл коюп,жактырганым эсимде,
Ысык сүйүү,жалындаган кезинде.
Алдагандай жаш баланы,сүйүнтүп,
Жүрөк оту күйүп жаткан эзиле.
Саат өтүп,күнүм,айга жылганы.
Жалган күндөр,арабызга чок басты.
Ак никелеп барган жарым сен белең,
Күлгөн карек,жаштарыма алмашты.
Айлар өтүп,жаз жай өттү байкалбай,
Биз жүргөнбүз сүйүнүчтү аркалай.
Өзгөргөнүң күйдүрдүң го,өзөктү,
Коё албадым,кылыгыңа таң калбай.
Эмне күнөө,кылганымды билбедим,
Жакшы күндү