Эненин журогу
Угуп ал энелердин эт журогун,
Бала учун башын сайган ак тилегин.
Баланын жаны кейип калбасын дейт,
Шум ажал тосуп турса ач билегин,
* * * * *
Корбогом укканым бар ушул кепти,
Айткандар арбын эле баары кетти.
Коп жери толку тийбей тушо берип,
Уламыш бутун эмес азы жетти.
* * * * *
Кайсы улут,кайсыл элдин энеси экен,
Уламыш ушул жагын айтпайт экен.
Ата эмес эне экен бул окуя,
Аныктап ишеничтуу актайт экен.
* * * * *
Бир эне он торт бала торогон дейт,
Шум ажал жылда тууса жылда эле жейт.
Домпойгон боз топону карап алып.
Коз жашы койнок ылдый куюлат дейт.
* * * * *
Чыда