Бир чоң эже жаным дейт.
Тиги бул деп, жанын жейт.
Мени алсаң сен эмес.
Мен беремин калың дейт.
Сүйдүм сени иним дейт.
Ичиңде жок кириң дейт.
Чоң экенсиң кой десем.
Ачууланып билиин дейт.
Сүйсөм кантип танам дейт.
Эмне дейсиң анан дейт.
Аял эле болбостон.
Энең болуп алам дейт.
Унаа белек кылам дейт.
Айтканың бүт угам дейт.
Зарыктырбай колуңа.
Акча берип турам дейт.
Сени сүйгөн жүрөк дейт.
Өтө кеттим жүдөп дейт.
Мындайдан бир сен эмес.
Галкин деле жүрөт дейт.
Элестетип маздасын.
Оо Кудай ай сактасын.
Акча акча дей берсе.
Көнүп кете жаздадым)) Автор мен эмес ))).