Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Жаныбек ЖАНЫЗАК Ырдын чыры 1 1-бөлүм Бир концерттен бет келишкен бири жаш, бири орто курактагы эки ырчы жыландардай арбашып турушту. Алар үн чыгарып айтышпаганы менен көздөр аркылуу бири бирине болгон таарынычтарын түгөл төгүп атышты: «Кандай абалга алып келгениңди көрдүңбү? Колумда жүрүп, тузумду татып, чоңойдуң эле?» – деди улуу ырчынын көздөрү. «Мени эле күнөөлөй бербеңиз, сиздин да күнөөңүз бар. Өмүр бойу кулуңуз болбой калганыма ичиңиз күйдүбү?» – деп жооп берди жаш ырчынын көздөрү. «Абийирди алмаштырып алган сыйлык-наамдарыңа эрдемсип атасыңбы? Жаштык да, сулуулук да кетет, эртең карылык келет, шермендечиликтин да чеги болот». «Сахнага чыгарганыңызды дагы канчага милдет кыласыз. Чы