ҮЙ-БҮЛӨ УРУШКАНА ЭМЕС
(Эркектердин эсине)
Үйдүн куту-берекеси албетте акылдуу атага байланыштуу болот. Бактылуу үйдө эрдин да, аялдын да айтканы болбойт. Бактылуу үй-бүлөдө Алланын айтканы болот. Үлгүлүү үй-бүлө болуу үчүн эң алгач эркек киши аялынан эки эсе акылдуу, сабырдуу, мээримдүү, боорукер, кечиримдүү, берешен жана эң негизгиси айкөл болуусу керек.... Айбанга таптоо, аялга мактоо жагат-деп айтат улуулар. Аялыңдын кемчилигин жашырып, жакшылыгын арттыра бил.
Аялды жедирип-ичирүү, кийинтирүү, ден-соолугун кароо эркек кишинин түздөн-түз вазыйпасына кирет. Өз вазыйпаңды аткар жана аны милдет кылба. Сенден башка эч кимди тааныбай туруп, сага ишенип сенин тууган уруктарыңын арасына бир өмү