Бир киши Куранды жаттай албаса да кайра-кайра окуй берет экен. Күндөрдүн биринде ал кишинин уулу: "Ата, эмне үчүн Куранды жаттай албасаңыз да кайра-кайра кайталап окуй бересиз?-" деп сурады.
Анда атасы: Уулум, көмүр ташыган себетти алып,суу куюп келчи- деди.
Уулу "Бул мүмкүн эмес го-" деп таң калып, аздап болсо да,суу толтуруп алып Атасынын астына жүгүрүп келди, бирок себетте суу калбай калган. Ошентип 5-6 жолу кайталайт.
Бирда-бир ирет суу алып келе албаган уулу: Ата, айттым го, мунун такыр амалы жок, себет сууну кармап тура албайт, суу тез агып кетип атат-дейт.
Атасы: "Ооба,уулум..мунун башка амалы жок. Бирок,себеттен кандайдыр бир өзгөрүш байкадыңбы?"
- Ооба,Ата..себет көмүр ташый б