Апакем келди бекен,келмек бугун.
Обончу жаман кызын кормок бугун,
Эч кимдин тилин укпас кежир курак,
Эсиме тушуп турат тентектигим.
Корбодум жай олтурган бош кунунду,
Куймонуп карап ачка токтугумду.
Башкалар сабыр кылып чыдай алгыс,
Которуп журуптурсун шоктугумду.
Кыйналсам сен да гулдой соолуп калып,
А кулсом журдун кайра толукталып.
Айланттың кополоктой маңдайыма,
Августтун шамалына ооруп калып.
Апа дейм жуз кундору миң таңдары,
Кайгырып жапа чегип турсам дагы.
Ал тургай суйунсом да апа дегем,
Апа деп ыйлагам урсан дагы.
Таппадым мээримиңи жеңе алчуну,
Тен келбес буткул жердин кең алтыны.
Таш кочо ылай тамда чонойсом да,
Тааныдым бул дуйнону сен аркылуу.
Ааламга көккө башым тийге