Байыркы Кытайда, бир кыз турмушка чыккандан кийин кайын энеси менен чогуу жашап калат. Убакыт өткөн сайын ал келин кайын энесинин кажый берген мүнөзүн көтөрө албай, аягында жаны кашайганда андан арылууну көздөйт. Атасынын досу ар кыл чөптѳрдү сатып оокат кылгандыктан, кыз аяш атасына келет:
- Менин чыдамым бүттү, кайын энем менен мындан ары жашай албайм, ал мени жинди кылып бүтүрмѳк болду. Мага жардам бербесеңиз болбойт, акчасын жакшы төлөп берем, – дейт.
- Макул, жардам берейин, бирок менден сага кандай жардам керек, – деп аяш атасы сурайт.
- Мага уу сатыңыз, эгер кайын энемди өлтүрсөм, баардык көйгөйлөрүмѳн арылат элем…
Аяш атасы бир аз ойлоно түшүп, анан:
- Макул кызым, мен сага ж