"Эркек, кантип ханыша аялга ээ болду?"
Бир эркек дайыма эле кудайга аялын жамандап арыздана берчү экен.
Мен жаңы үйлөнгөндө аялым жароокер жакшы эле. А азыр болсо өзүн өзү карап, чачын тарап коюудан да эринет. Мени дайыма эле акчаны аз табасың, мага көңүл бурбайсың деп урушат да турат. Эмне кылышты билбей калдым деп муңканат.
Бир күнү кудайым анын суроосуна мындайча жооп берет: Мен сенин аялыңды өзгөртүп ханыша кылганга жардам берейин, бирок сен да жардам бергин дейт. Бир күндө эле өзгөртө албайм, себеби кошуна-колоңдор мунун урушчаак аялы кайда кеткен, керилген сулуу ханыша кайдан пайда болду деп сенин мазааңды алышат. Ошондуктан сенин аялыңды акырындык менен сулуу, акылдуу ханышага айла