ЖүРөКТө КАЛГАН БИР ЫСЫМ
Дем берип жанга, күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп, акылдан алып тымызын.
Душманга дагы багынбай турган жүрөктү,
Дүрбөлөң салып, багынтып алды бир ысым.
Санаага батпай бейкапар жүргөн кезимде,
Сабырдан алып, бүлүктү салдың сезимге.
Ак куудай жүзүң артылып кетпей эсимден,
Азгырат жанды эртеби мейли кечинде.
Секелек жаным, сен элең жашоо ак таңы,
Сен үчүн окшойт мөңгүнүн эрип акканы.
Сезимим тушап, жарыгы жанган жашоодо,
Сенделип, “сен” деп көралбай калдым башканы.
Сүйүүмдү сезсең өңүнөн кетпес арчадай,
Сүрөмүн өмүр кумарым сенден таркабай.
Ажалым жетип акыркы саатым калгыча,
Ак сөзүм ушул, сүйөөрмүн сени чарчабай.
Жалынга ороп, күчөтүп күндүн ж