😓МЕН ЭЖЕМЕ ОКШОБОЙМ
⠀
✍🏻 Телефонума тынбай коңгуроо келип жатты, шашып барып жооп берсем эжемдин көз жумганын кабарлашты. Менда тезинен жетип бардым, сөөктү жуу үчүн суу даярдашып жатышыптыр. Мени ичине киргизишкен жок. Эжемди жерге коюуга сөөктү көтөрүп чыгып кетишти. Мен аялдар менен бир бөлмөгө кирип калдым, алардын арасында сууга киргендерда бар экен. Алар мага:
⠀
- Билесиңби кызым, кирпик улагандан кийин, аны чыгаруучу бир нерсе барбы? Мен жооп бере электен мурун эле кайра сөзүн улап кетти.
⠀
-Биз эжеңдин жасалма кирпигин чыгара албадык, тырмагындагы лагы, терилген кашы менен кепиндеп койдук, аттиң эжең гусулсуз кабырда...
Мен мындан башка айтылган сөздөрдү уга албадым, анткени кулагы