Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Бир адамдын машинасын уурдап кетишет. Эки күндөн кийин машина ордунда туруптур да, бир кат турат дейт. "Кечириңиз, машинаңызды мен уурдадым, бирок аялымды роддомго апаруум керек болду. Эртең аялыңыз экөөңүздөрдү театрга чакырам, келиңиздер, сиздерге 2 билет алдым. Өзүм да сиздерден кечирим суроо үчүн ошол жерде боломун." Эртесинде жанагы киши аялы менен театрга барат. Кечирим сураган эч ким жок, бирок театрдан көңүлдүү кайтышат. Үйгө келсе үйүн тоноп кеткен жана дагы бир кат турат дейт: "Брат, театр кандай болду?"😅