Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Бир имам бар эле. Ал өзүнө таандык имамдык милдетин жакшы аткарып, эл арасына динди туура түшүнүрүп, ар бир намазында “тадил-эркан” (намаз окуп жаткандагы ⁴аракет: Рүкү, сажда, эки сажда аралыгындагы кыям жана тик туруу арасындагы) эрежесине аябай маани берип окуган имам катары көпчүлүктүн сый-урматына арзыган имам болчу.
Бир күнү имам мечиттеги жамаатка бешим намазын окутуп жаткан эле. Бешим намазынын алгачкы сүннөтүн окуп бүтүп оң тарапка салам берсе жанында бир ак сакалы жайкалган карыя адам отурган экен. Кайра сол тарабына салам берип туруп караса карыя ордунда жок болуп чыгат. Эч нерсеге түшүнө албаган имам жамаатын бешим намазынын парзын окутуу үчүн ордунан турат. Фарз