Жерге бал тамчылап калган эле. Бир кумурска келди да балды даамдап көрүп кайра кетти. Албетте, бал ага жаккан эле. Бир нече убакыттан кийин кайра келди. Балдан бираз жеп, кайра кетейин деди, бирок, балдын ширин даамын кыйып таштап кете алган жок. Өзүн балдын даамына алдырып койду да, анын ортосуна кирди. Бирок, кайра чыгайын деп аракет кылды эле, бул сапар чыгууга умтулган сайын балга батып, акыры анын ичинде жан берди. Эгер, кумурска балдан бираз гана жеп кетип калганда өлүм башына келмек эмес. Даанышман заттар мындай дешкен: «Дүнүйө дагы чоң бал тамчысына окшойт. Ким андан өзүнө жете турганчалык колдонуп канаат кылса кутулат. Ал эми ким анын ичине сүңгүп кире турган болсо кумурска сыяктуу