Жашоомдун көркү-балдарым.
Жаркылдап күндөй жанарым,
Капалыкты сездирбей,
Күлүшсө маңдай ачаарым.
Өмүрүң тилейм,Кудайдан.
Өнөрлүү жигит аталгын.
Тилегиң болсун,оюңда,
Бекемдүү болсун,намысың.
Атадан калган туягым,
Балапан канат уямдын,
Эр жигит болуп,чоңойсоң,
Жер каратпа,апаңды.
Билимдүү болуп-жолуңда.
Ийгилик консун колуңа..
Жараткан берген ооматты,
Керегиңе толукта.
Кызым бар болсун,кымбатым.
Тизейин саптап ырларды.
Кымча бел болуп,чоңойсоң,
Уят кылба,апаңды.
Үйүмдүн болуп бакыты,
Нур болуп,жанган өзүңөр.
Маанайым сурап,ал-жайым,
Нурларга толот,көзүңөр.
Тирегим,кызым жылдызым,
Жашоонун кадырын бил,кызым,
Акылың болсун жетилген,
Абийирдүү кыз деп аталгын.
Жаратканга миң шүгүр!
Балан