Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Автобустун ичинде жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар кетип бара жатышты. Бул түгөй шаардагы башка жаштардан кичине айырмаланып турду. Жаздын керемет таңында жигиттин келинчеги башына жакшынакай кылып ак жоолугун салынып алган. Бир маалда эле жашы кырктарды чамалап калган жүргүнчүлөрдүн бири жигитке: - Эй, жигит, мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Сен капа болбойсуңбу? - деп кайрылып калды. - Сураңыз байке, сизди эмне кызыктырат? - деди жаш жигит. - Өзүң жакшынакай эле жигит экенсиң. Келинчегиң да дурус окшойт. Ушундай жакшы заманда, элдер космоско каттап, илим далай нерсеге жетишип калган маалда сен өмүрлүк түгөйүңдү ысыка карабай думбалап кийинтип койгонуң кандай? Мына карачы менин аялымды. Ал
Жаш жигиттин окуясы“Мен Аллахтын динине кайдыгер караган адам элем. 2000 -жылдары Рамазан айы келгенге чейин мен мечитке барчу эмесмин. Күндөрдүн биринде үйдө уктап жатып, таң калыштуу түш көрдүм. Түшүмдө өзүмдүн керебетимде өзүмдүн уктап жаткандыгымды көрдүм. Аялым келип, мени ойготуп атты. Мен андан: “Эмне болду?”- деп сурасам, бирок ал негедир мени укпайт. Мени кайра- кайра ойготуп жатты. Мен андан кайра-кайра “Эмне болду?”-деп сурасам ал менин сураганымды укпайт.Менин ойгонбогонумду көргөн аялым бир убакта чочуп,агаларымды чакырып келди. Бир кезде врач келип, мени көрө баштады. Мен врачтан: “Эмне кылып жатасың?”-десем, ал да укпайт. Мени текшерип көргөн врач агаларыма менин өлгөндүгүмдү