Атанын арманы (таасирдүү сабак алчу баян)
=======================================
Жашым алтымыш бештен өтүп калган, кемпирим экөөбүз отуз беш жыл өмүр сүрдүк. Кемпиримдин өлгөнүнө быйыл туура он жыл болду. Жети балам бар, төрт уул, үч кыз.
Баарысы жакшы иште иштешет, үйлүү-жайлуу, чоң балам кырк жашында бул дүйнөдөн өттү. Карыгандан баштап көп оорудум. Ар кайсы доктурга барып көрүнөм, бутум ооруйт, нервден деп эле жаткырып коюшат. Палатада жанымда жаткан аксакал киши жашы алтымыш жетиде экен, ал дагы башы ооруп жатыптыр. Анын аты Жоробай, эки уулу, бир кызы бар экен. Кемпири дүйнөдөн жаш кезинде эле өтүптүр, андан кийин такыр үйлөнбөптүр. Эки уулу күнүгө келишет, атасына башкача мээрим мен