БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕН СУУК КОЛУҢАРДЫ ТАРТКЫЛА
Союз тараган мезгилде 25 жашта элем. Төрт балам, үй-бүлөм менен, чачырап-таланган өлкөдө эч нерсеге ээ болбой, жан багуунун айынан Бишкекке келгенбиз. Биз гана эмес биздин курактагылардын баарына, айылда жашоо оор болгон. Майлуу сүттүү жерлер ошондо деле чоңдордон ашкан эмес. Мамлекеттен бир сом албай балдарды өстүрдүк, чоңойттук, окуттук.Биз ачка калдык, үй жайы жок көчөдө калдык деп, бир да жолу догурунбадык, док артпадык, мамлекеттен суранбадык, ошондой эле бекер жөн да жатпадык, жумуш тандабадык, жер каздык, жалданып иштедик, бир күндүк тамагыбызды таап жеп, балдарыбызды, жаныбызды бактык. Үмүтүбүз заман оңолсун деп өлкөгө оордугубузду артпа