🍃Жаман түш.
Кээ бир адамдар түшкө абдан маани беришет. Ар бир түшүн жорутуп, жакшы түшкө сүйүнүп, жаман түшкө кайгырышат. Түшкө өтө берилүү менен ишенүү - адамдын аң-сезимине, ден соолугуна, ал эмес жашоо турмушуна да тескери таасирин тийгизет. Жаман түштөргө ишенүүдөн улам адамда тынчсыздануу пайда болуп, нерв оорулары жана жүрөк, кан тамыр ооруларынын келип чыгуусуна алып келет. Түшкө ишенип жана түш көрүүнү каалаган адамдар көп түш көрөт. Натыйжада, түн уйкусу бузулуп жакшы эс ала албай калышат. Ошондуктан, түшкө ишенбөө, айрыкча жаман түштөргө ишенбөө пайдалуу. Жаман түш көрсөң, ага эч кандай маани бербеген оң. Жаман түштү башкаларга айтпоо керек. Жаман түш көргөн учурда, орун алмаштыры