1- БӨЛҮМ
– Эх Самат, эми эмне кылабыз, эми эмне болот?- деп таякем дагы баштады.
– Буюрганын көрөбүз да, таяке. Эми кайгырып, үшкүрүнө бергенде бир нерсе чечилеби, жаныбызды албастыр акча үчүн.
– Жайсаңды билбейсиңби, акча дегенде жанын берген акмак да. Адамды аёо дегенди билбейт булар. Биз эмес, өздөрүнүн казактарын эмне кылышты? Кордайлыктарды ошол бойдон көргөн жокмун, ушунча нерсесин таштап кетип калышпайт эле. Аларды жок кылышкандай бизди да жок кылышат булар. Эми эмне кылабыз, Самат? Өлтүрүп, талаага алып барып көмүп салышса колубуздан эмне келет? Ээ, Кудайым, ай, өзүң жардам бер, өзүң сактап кал бул жырткычтардан. Балдарымдын көргөн күнү эмне болот?- деп дагы бир нерселерди сүйлөнө
"Жылан тилин билген олуя ата"
1 - бөлүм.
Бала чагымда үйгө мейманга бир касиеттүү олуя табыптын урпагы ак сакалдуу карыянын келгенин, ал аксакал чоң атасынын жыландар менен арбашкан жылан тилин билген касиеттүү киши болгонун, олуя табыпчылыгын, жылан жутуп алгандардын ичинен жыландын чыгарып, канча оору сыркоолуу адамдарды дарылап сообуна калганын, чоң атасынын окуяларын узун түндө баяндап бергенин башка аңгемемде айтпадым беле. Бүгүн да сиздерге ошол аксакал аванын баяндарынын бирин жарыялайын:
Көздөрүү оттуу мээрим чача тиктеген, жазы маңдай, бүркүт кабак ээгинде аппак чокчо сакалы бар, каректери тээ алыскыны таразалап өлчөп жаткан сыяктуу сырдуу көрүнгөн кыраакы олуя та