Мага буйруган тагдырды башка эчкимге буйрубаса экен деп тилейм. Себеби ушунчалык азаптарга туш болуп жүрүп жашоомдун аягы ушинтип бүтөөрүн билген эмесмин. Ата-энем кичинекей кезимде ажырашып кетишкен экен. Эмнеге ажырашып кетишти деп чоң энемден сурасам үшкүрүнүп:
-жаш үйлөнүштү , сен төрөлгөн соң сени бага албай калыштыда, экөө урушуп жүрүп акыры ажырашышты, атаң ошол күнү эле ичип кетип, тиги айыл башындагы жар боюнан кулап түшүп мерт кетти, а апаң болсо оорукчан болуп жүрүп алда каза тааптыр –деп айтып бергени алигиче эсимде. Андан бери канча убак өттү. Чоң энем мени өжөр кылып тарбиялаган экен. Айылда балдар жетим деп кордошсо чоң энеме ыйлап келчүүмүн, анысы аз келгенсип чоң энем “ жетим болсоң жетим дейби? Не кыздарга окшоп арызданып келесиң мага? Тур тез-тез уйларды айдап кел, деп малга жөнөтүп жиберчүү. Адырга чыгып алып уйларды топтоп коюп, батып бараткан күндү карап:
-күн! Сендагы мендей жетимсиңби? Жетим болбосоң кана сенин атаң же апаң? Балким сенде алар болбосо керек, а менде болгон экен. Бирок алар эми жок, мен көргөн эмесмин.
Деп ойлонуп отурсаң эле бир уй сайгактап качып жөнөйт, акырын калганын айдап алып үйгө барып жем-отун берип тамак жеп жатып алчуумун. Бир күнү сабака ушунчалык даярданып бардым, мугалим доскага чыгарары менен адабияттан чыгарманы шарылдатып айтып берип жатсам, балдар кыткылыктап- шылдыңдап күлүп бири туруп:
-жетимдер да окуйт бекен деп калды.
Дароо токтоп туруп калдым, мугалим эжей классташымды урушуп жатты. Ошол кезде терезеден ата-энесинин колун жетелеп асылып ойноп бараткан баланы көрдүм. Ушунчалык берилүү менен карап, тишимди кычырата тиштеген экенмин, мугалим эжей атымдан катуу айтканда өзүмө келе түштүм. Балдар баары күлүп жатыптыр. Көзүмдөн жаш агып кеткен экен. Жанакы жетим деген бала эле каткырып күлгөндөй сезилип, колумдагы китеп менен атып урдум. Китеп туура эле башына тийип канап кетти. Мен дароо үйгө качып кеттим. Чоң энем үйдө жок экен, некыларымды билбей малканага кирип отуруп алдым. Бир убакта эшик ызы-чуу түштү, терезеден акырын карасам мугалим эжей, классташымдын ата-энеси үйгө келиптир, ошол убакта чоң энем келип калды. Дароо чоң энемдин этегинен бекем кармап, артына туруп алдым. Чоң энем таягын таянып туруп алып аларды кунт коюп уктуда, менин колумдан кармап классташымдын атасына бердида:
-ме некылсаң ошол кыл, өлтүрсөң өлтүрүп сал.
-жок эне бул эми балаңыздын кылганы туура эместа.
-эмне сенин балаңдыкы туура бекен, жетим дегени туурабы эми? Эй түнү эшике чыксам балам шам жагып отуруп алып ушул адабиятын окуп отуруптур, ал убакта сен жетинчи түшүңдү көрүп жаткансың катыныңды кучактап. А бул бала жетим болсо, менден башка эчкими жок болсо, жок дегенде китеп менен достошуп китеп окуса ошонуда көрө албай жатасыңарбы? Балам азамат туура кылат. Сенин балаң оозуна карап сүйлөсүн. Булар каяктан билсин жетимдики, силер айтасыңарда. Тиги жетим, бу жетим дегениңерден балаңар айтып ататда. Балаңар силер кылган ишти кылатда, эмне же буларга башка бирөөлөр үйрөтөт бекен я? Эмне унчукпай калдыңар? Деп колумдан жетелеп алып мектепке алпарып, туура эле класска алып кирди. Классташтарым коркуп кетти. Чоң энем ачууланып:
-мына! Мына силерге жетим! Менин неберем жетим. Кана ким айтат дагы жетим деп! Ушул күнгө чейин чыдадым, дагы бириң жетим дейт экенсиңер шыйрагыңарды чаап коём. Отур сен сабагыңа.
Чоң энем мени отургузуп койдуда, өзү чыгып кетти. Мен акыркы партага отуруп алып кайгыргандан башка айлам жок. Ошол күндөн кийин классташтарым мени кошпой калышты, чогуу ойношпойт, жетим дешпейт. Көчөдөнда эчким тийбейт. Ошентип онунчу класс болдум. Жеткен тентек бала болуп өстүм. Көчөдөн жетим дешседа үйгө айтып барбайм. Мушташам, тебишем, барын өз ордунда бүтүрөм. Айылдын балдарын үйгө алып келип картөшкө эктирем, суу койдурам, кайра каздырам, үйдөгү тиричилик көчөдөгү балдар менен бүтөт. Балдарды урганда үйүнө айтып барбай турган кылып урам, ата-энелери билсе байкуш энем эле уруш угат, ошон үчүн баарын өз ордунда тынч кылам.
Классташ балдар менен отуруш кылып, отуруп калдык. Кошуна айылдын балдары келип мушташа кеттик. Мен ушунчалык мушкер болгондуктан аларды оңой эле уруп салдык. Эки –үчөө башы жарылып дароо калганы милицияга чалып жиберишти. Милицялар күтүп тургандай эле келе калышты. Туш-туш тарапка качып жөнөдүк. Эки сааттан кийин үйгө барсам чоң энем тамак кылып жатыптыр. Сыр бербей эми эле кирип барайын десем милициялар келип калды дароо, мештин жанындагы тешике кирип кеттим. Ал жерди чоң энемда билбейт эле. Ал жер ысыктан көчүп кеткендиктен байкатпай парда менен тосуп койгон элем. Милициялар келип жагдайды түшүндүрүп барын айтып берген соң, чоң энем үн катпай отуруп калды. Милициялар балаңыз камалат деп айтышты. Менинда жүрөгүм түшүп калды. Милициялар кеткен соң, чоң энем жайнамамазын алып куптан окуду. Мен ошол тешикте отурдум. Энекем көзүндөгү жашын аарчып коюп, шыбырап окуп жатты. Бүткөн соң дуба кылды:
-оо жараткан баламды кечире көр, ага өзүң жар болгун, мен аны тарбиялай албадым. Ал азыр эчнерсени биле элек. Эгер балам бой жеткендеда жаман жолдо жүрө берсе анын жанын алып салгын, күнөөлөрү көбөйүп кете электе алып салгын. Аны тозоку кыла көрбө суранам. Менинда жашым жетип калды, баламды аман-эсен үйлөнтүп жайлантып алсам, арманым жок кетээр элем,- деп ыйлап жатты. Мен такыр ыйлабачумун, көзүмдөгү жашты арчып чоң энеме байкатпай сыртка чыгып кеттим.
Милицияларга өзүм бардым, бир айылдашымдын баласы мерт киши экен. Өзүң келгениң эрдик, бирок экинчи мынтип мушташпай ынтымакта жүргүлө деп арызын кайтып алды. Балдар бири-бирибизди кечирдик. Мен ошентип тентектикти таштадым. Окууга көнүл бура баштадым. Адабият окуган жагат эле, математика, физика , химия дегендерди жети өлүп тирилсемда түшүнбөсөм керек. Канча аракет кылсамда башка кирбей койду. Англис орус тилдерин бат эле өздөштүрүп алчуудай сезилет. Окууну да аяктадым. Шаарга тапшырам, университетке окуйм деп кыялданганым менен чоң энемди таштап кайда бармак элем...
Улуттук тест да тапшырган элек бир айдан соң жыйынтык келиптир. Мектепке барган жокмун. Үйдө эле жатсам чоң энем кубанып үйгө кирип келди.
-неболду эне?
-карачы балам 188 балл алыптырсың деп жаштанып кетти.
-ээ эне, аны некылам башыма тартамбы?
-эмне? Эмне кылам дегениң эмнеси? Өзүм сени окутам. Бул балл менен бюджетке өтөт экенсиң козум.
-өтүшү өттүм дейли, сиз кантесиз?
-эмнеге?
-сизди караганга бирөө болуш керекда.
-мен аттаймын балам, менин көзүм тирүү экен, окуп ал балам, андан кийин мени келиндүү кылсаң, сени үйлөп-жайлап коюп, оо дүйнөгө кетсем арманым жок эле балам.
-чоң эне...
-болду чүшш... сүйлөбө... андан көрө уйларды эмки дем алыш базарга алып түшүп сат.
-энеке...
-шаарга окуусаң керек болот. Ошол уйлардын акчасын эптеп бир эки жылга жеткизсең кийин өзүң акча иштеп каласың ботом. Макулбу? Ии айтмакчы кара кунажынды торпогу менен калтырып кой. Сага курут жасап жөнөтүп турам балам.
Базарым жакшы жүрүшүп малдарды кымбат баага саттым. Чоң энем менен чогуу кийим кылдык. Мага эле кийим алып бере бересизби деп чоң энеме көйнөк, жоолук, маасы алып берсем сүйүнүп көзүнөн аккан жашты улам-улам арчып:
-бир күн, өзүң иштеп тапкан акчаңада жолук алып бересиңби?
-ооба эй чоң эне. Дүйнөнү бүтүндөй алып беремго эне. Мына, мына көйнөктү көрүңүзчү кандай экен?
-болду балам, дагы акчаң жетпей калып жүрбөсүн. Жүр эми, азык-түлүк дагы алалы.
Ээх, мээримдүү энекем. Атам жок десем ата болду, апам жок десем апа болду. Бир тууган десем тууган болду. Ал жок болсо мен эмне кылмакмын.
Ошентип Политех университетине тапшырдым. Чоң энем ай сайын курут салат, өзү тоголоктоп, өзү кургатат. Топ-тоголок куруттары барган сайын ийри боло баштады. Демек чоң энемдин ден соолугу начар. Акмакмын, карыганда таштап коюп окуп жүрөм, бирок бул анын тилеги да деп өзүмдү кайра буруп коём. Экинчи курс болгонумда шаарга көнүп калдым. Көчөлөрдү жатка билем, каерде эмне бар, эмне жок баары жатталып калды.
Жигитчилик кылып кыздарга тийише баштадым. Шаардын балдарындай саркеч кийинип сабактыда окуп, сабактан соң авто унаа жуугуч болуп иштеп жүрдүм. Бир күнү сабак карап 114-аудиторияда отурсам бир жаш кыз кирип келип:
-саламатсызбы дейт мага.
Таң калып:
-саламатчылык.
-агай тиги биздин компьютер сабагы каерде болот билбейсизби?
-жок.
-уфф тажап кеттим.
-сенин группаң кайсы өзү.
-э билбейм.
-кандайча?
-кыскасы мен бул жакта окугум келбей эле, ата-энемдер болбой эле ушул жака тапшыртып коюшту.
-мм түшүнүктүү, жүр мен сага группаңды таап берейин. Атың ким?
-атым Гүлжаннат.
-өмүрүмдө укпаптырмын мындай ысымды.
-мм... сиз кайсы сабактан мугалимсиз.
-жоок мен экинчи курсмун.
-болгону экинчи курспу?
-ооба...
Анын группасын таап жеткирип койдумда сабак даярдап отуруп калдым. Эки сааттан соң эшик такылдап калды, ачсам жанакы кыз. Мага тигиле карап:
-мени менен достошосузбу?
-неге?
-кыскасы эчким жаккан бул жактан. Баары эле өзүнчө асманда жүрөт, а сиз жөнөкөй экенсиз.
-а койчу, көнүшүп кетесиң.
-сиз бүттүңүзбү сабагыңызды?
-ооба.
-эми не кыласыз?
-үйгө барам.
-демек бош эле экенсизда ээ?
-ооба.
-анда жаман көрбөсөңүз мени узатып коё аласызбы?
-узатып, аа албетте жүр.
-а дептер, калем сап, сумкаңыз кала береби деп көзү менен көрсөтуп койду.
Анын жанында сүрдөп турдум чынында.
Ошентип экөөбүз узаак жол бастык. Жолдон жакшылап таныштык, жакшы кыз экен бирок мага жаккан жок. Эртеси универге барсам күтүп туруптур. Чуркап келип кучактап алды. Мен уялып кеттимда дароо түртүп:
-чектен ашпа сураныч деп кирип кеттим.
Ичим ооруп жаткан болчу, сабактан суранып ажатканага барып келатсам эшик алдында Гүлжанаттын дабышы угулат. Акырын барып байкасам жанында ата-энеси бар экен. Аларга бул жакта окубайм деп айтып жатыптыр. Мен сабактан калбайын деп дароо кирип кеттим. Пара бүтүп чыгып баратсам алдымдан тосуп:
-окурман болуп кеткенсизби?
-сен эмне сабака кирбедиңби?
-жок.
-неге?
-сизди күттүм.
-сенин башың иштейби?
-неге?
-сен мага келдиңби же сабакабы?
-сизге.
-карындашым, мага жолтоо болбо макулбу? Деп басып баратсам артымдан келип бекем кучактап алып:
-мен сизди жактырып калдым десе болобу... чынында башкача болуп кеттим. Акырын колун алып:
-анда неге ата-энеңе бул жакта окубайм деп айттың?
-сиз кайдан билесиз?
-жана угуп калган болчумун.
Азыр деп ал дароо атасына чалып:
-ата, болду мен бул жакта окуйм деп өчүрүп мына бүттү.
-тентек кыз экенсиң ээ?
-билбейм, өзүмда өзүмдү түшүнбөйм.
-мм мен кеттим анда.
-коётуруңуз, сизда мени жактырасызбы?
-эмне?
-бүгүн мени узатпайсызбы?
-жок неге узатам.
-мм... сиз мени башкача ойлоп калдыңыз окшойт. Кечиресиз байке деп кетип калды.
Татынакай, жакшынакай, көкүлү кашынан келген, чачы узун, кашы көзү кара кыз мени жактырып калганына таң калдым.
Кыскасын айтканда мен ага көңүл бурбай эле окуумду уланта бердим. Ал Политехтен кеткен жок. Окуп жатты. Жакын бир группалашым активист студент эле. Жанына отура калсам телефондон Гүлжаннаттын сүрөтүн көрүп отуруптур билмексен болуп:
-ээ ким бул?
-бир кыз...
-неболгон кыз? Аяшпы? Же карындашыңбы?
-биринчи курс дос, жактырып калдым ушул кызды.
-аа койчу ээ анан?
-сүйүүмдү арнасам карабай койду.
-өзү мамилең жакшы элеби?
-жоок кайдан дос, жакшы болсо мынтип жүрбөйт элемго.
Аңгыча телефонуна агай чалып калды.
-ало агай? Ооба, баары даяр. Азыр барам сизге.
Кызыгып сурай калдым:
-недейт агай?
-биринчи курстарга арналган кече өтөт.
-анан?
-ошого мен даярдап жаткам, ушул кызды ошол даярдык залдан көрүп жактырып калдым.
-алда катышат бекен?
-ооба бийлейт экен.
-аа мейли. Дос, бизда кирсек болобу кечеге?
-ооба , эки бөлүктөн болот, биринчиси университетте, экинчиси кафеде, ал жакта дискотека да болот.
-мен да барам макулбу?
-окей...
Ошентип концерттик залда отурдум. Гулжаннат капкара кийинип чыгып алып аябай сонун бийледи, тим эле оозум ачылып калды. Жакшы бийлдедиң деп жакшы сөз айтып коёюн деп залдын артына өтсөм жанакы группалашым менен туруптур. Досум, аябай берилип сүйлөп жатты, Гүлжаннат аны уккусу да келбей турганы мага маалым эле. Концерт бүтүп сыртта группалашым менен турсак Гүлжаннат чыгып калды. Досум дароо:
-Гүлжаннат бери келсең сураныч.
Ал мени көргөн жок.
Досум:
-Гүлжаннат бүгүн келесиңби?
-жок.
-а эмнеге?
-кызыгы жок.
-мм мен сени күтөм бирок.
-бекерге убара болосуң деп аны кагып койду.
Акырын алардын жанына бардым, Гүлжаннат мени көрүп таң кала карады. Досум эпчил болуп дароо:
-аа танышып алгыла, бул менин досум, бул болсо Гүлжаннат, аяшың будущая.
-аа жакшы аяшым болот экенда буйруса.
Гүлжаннат жини келгени жүзүнөн билинип турду. Менда атайын тийишип:
-дос бүгүнкү кечеде жыргап бийлейт экенбизда ээ?
-аяшың барбаса кайдан дос?
Гүлжаннат мага тигиле карап:
-силерда барасыңарбы?
Мен жооп бергенче досум шаша-бүшө:
-ооба мен сени сөзсүз күтөм.
-мм мен барбайм деп кетип калды. Ошентип кече башталды, мугалимдер каало-тилектерин айтып кечени кооздоп беришти. Баарыбыз бийге түштүк, мектепте,отуруштарда аябай бийлечүүмүн. Биринчи курстун кыздары менен аябай бийледик. Бир кыз менен бийлеп жатсам артымдан бирөө чакырат. Свет караңгы көрүнбөйт, жакшылап карасам Гүлжаннат. Көзүмө аябай жакшы көрүнүп кетти. Аңгыча музыка тык токтоп, жеңил бий музыкасы коюлуп калды. Жанакы группалашым дароо жетип келип, Гүлжаннатты тартып кетти. Менда өчөшүп жанымдагы кыз менен бийлеп баштадым. Гүлжаннат көздөрүп боёп алган экен улам-улам көз жашын арчыйт, чыдай албадым, дароо группалашымдан аны бөлүп алып колунан катуу кармап сыртты көздөй жөнөдүм. Группалашым артымдан келип колумдан тартып:
-неболду сага? Бул менин кызым.
Гүлжаннант мени эки колдоп кармап артыма жашынды. Кудум мен чоң энемдин этегин кармап артына жашынгандай. Бул сезимдер мага таныш эле.
Бирок досумдун астында тура эмес иш кылып жатам. Ал ачуусу келип кетип Гүлжаннаттын колун кармап өзүнө тарта баштады. Тарс жолун тостумда:
-досум, сен биздин ортобузга түшпөй эле кой, Гүлжаннат меники.
-кандайча? Сен эмне деп жатасың?
-болгону биз убактылуу тарынышып калган элек.
- кандай –деп мени жакалады.
Тумшугун жара соктумда, Гүлжаннатты колунан жетелеп алып чыгып кеттим. Аябай шаша-баскандыктан артымдан чуркап басып келатты. Акыры токтодуда:
-колум ооруп кетти!
-ой, кечиресиң.
Ал ыйлап кирди.
-эмне болду?
-бутум...
-эмне бутум?
-бутумда ооруп жатат.
Эсимде менда узак басканда чоң энеме бутум ооруп жатат десем жонуна көтөрүп алчуу. Гүлжаннаттын эки колунан кармадымда, алдына отурдум.
-эмне кылып жатасыз?
-отур.
-жок.
-отур дейм.
-уялам.
Өзүм эки колун тартып эле отургузуп алып көтөрүп басып жөнөдүм.
Ал уялганы калтырап-титирегенинен сезилип жатты. Дагы да бекем тартып:
-Гүлжаннат...
-ооу?
-бүгүн кечеге аябай сонун кийинип келиптирсиң.
-коюңузчу? Чындаппы?
-албетте.
-аа, жана мен концертте кандай бийледим?
-эң сонун бийледиң.
-а эмнеге ошондо келип айткан жоксуз?
-барсам группалашым менен турупсуңго.
-жоголсунчу ошол группалашыңыз. Кенедей эле жабышатко.
-жакпадыбы эмне?
-чынын айтайнбы?
-айт.
-мага сизден башка эчким жаккан жок.
Жүрөгүм жылый түштү. Көпкө чейин көтөрүп бастым. Бир убакта:
-далыңыз абдан жылуу экен, чооң экен.
-атайын сен үчүнда.
Ал күлүп:
-мени түшүрүңүзчү.
-эмнеге?
-чарчадыңыз, мындай эле басалычы.
-макул деп түшүрдүмда. Кулагыңды тоссоң...
Ал кулагын тосту, акырын кулагына шыбырап:
-мен сени сүйөм...
Анын көздөрү чоңоё түштү. Колунан кармап өзүмө тартып кучактадымда:
-чын, мен сени сүйөм деп жүзүнөн өптүм. Ошондо биринчи жолу кыз менен өбүштүм. Үйүнө жеткизип коюп, таң атканча телефондо сүйлөштүк. Эртеси универге барсам мурду таңылуу группалашым турат. Коркпой жанына бардым, Политехтен артына өтүшүмдү айтты макул болуп өттүм. Төрт бала бар экен ал жакта. Группалашым үн катпады, бир алдуу,далдуусу келип:
-сен эмне кыйын болуп кеткенсиңби?
Сөздү көбөйткүм келген жок, дароо ээктен ары бир соктум,сулайып жатып калды. Экөө чабуулга өттү, аларда токмок жеди. Залга барган бала менен көчөдө мушташып, кара күчкө ээ болгон баланын айырмасы ат менен төөдөй болот экен. Үчөөнү урган соң экөө унчукпай туруп калды. Мен көпкө калбай кетип калдым. Ошол барабар жанакы группалашым менен сүйлөшпөдүм. Гүлжаннат менен күнүгө жолугабыз. Акчамдын бары эле ошого кетет. Эки айдай сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү Политехтин алдында отурсак айылдан кошунам чалып калды. Телефонум Гүлжаннатта эле, дароо алып сүйлөштүм. Гүлжаннат тыңшап турду. Кошунам чоң энем катуу ооруп жатканын айтты. Өңүм куп-куу болуп ыйлап жибердим. Гүлжаннат менин ыйлаганымды көрбөсүн дедиби мени кучактап алды. Эптеп өзүмдү кармап сыртка чыктым.
-Гүлжаннат мен кетем, жакшы кал.
-мен жокпу?
-чоң энем катуу оруп калыптыр.
-үйдө ата-энеңиз карап туратда.
-кайдагы ата-эне?
-ата-энем бар дебедиңиз беле?
-мен сени алдап койгом. Чоң энемден башка эчким жок, мен томолой жетиммин, а мендей жетимдин кимге керегим бар эле?
-жиндибайым менин, ыйлабаңыз деп жашымды арчып- эми качан келесиз?
-билбейм, балким келбей калам...
-а менчи?
-билбейм... билбейм...
-мени келин кылып алып кетем дебедиңиз беле?
-кана эми алып кетсем, чоң энем ооруп жатса. Чоң энемди келиндүү кылсам, алда армансыз өтөм дечүү эле.
-анда эмне турасыз?
-некыл дейсиң?
-азыр алып барыңыз мени.
-каяка?
-айылыңызга деп ыйлап кучактап алды.
-келин кылыпбы?
-ооба...
Жүрөгүм жылый түштү. Экөөбүз кетип жатсак анын группалаш кызы жолдон жолугуп калып:
-оой Гүлжаннат каяка?
-эчкимге айтпа, мен күйөөгө тийип жатам.
-кимге?
Мени көзү менен көрсөтүп койду.
-эмне азыр кеттасыңбы?
-ооба, мейли ээ деп кетип калдык. Жолдо унаада баратсак ата-энеси чала берди эле Гүлжаннат телефонун өчүрүп койду.
Үйгөда жетип келдик. Чоң энем үйдө төшөктө жатыптыр. Кирип эле бутун кучактап ыйлап жатып калдым. Чоң энем башымдан сылап:
-келдиңби кулунум, мени кечир сага курут жөнөтө албай калдым.
Кошуналардан сүт алып келип,сүзмө сүзуп курут кылчуу элем, алым келбей калды балам.
-чоң эне, рахмат сизге. Мен ый аралаш сүйлөп жаттым- чоң эне, мен сизди жакшы көрөм, энеке сизге ооруган жарашпайт экен. Туруңузчу, мен сизге жолук алып келдим деп баштыгымдан жолукту башына салдым. Энем жаздыка жөлөнүп отуруп, ыраазы болуп батасын бердида:
-балам ичээр суум түгөп барат, көзүм тирүүмдө сени үйлөнтүп койсом дедим эле.
-энеке мен сизге жоолук гана эмес, келиндагы алып келдим.
Чоң энем сүйүнүп:
-кана? Келиндүү кыласыңбы мени?
Эшик артында турган Гүлжаннат акырын уялыңкы кирип келди. Энем аябай сүйүнүп эки бетинен бешенесинен өөп:
-айланайын кулунум, тур балам тээтиги төшөктүн астын карасаң жоолук бар, атайын келиниме деп атап алып койдум эле.
Чоң энеме жолукту алып бердим, аябай кубанып Гүлжаннатка салып койду. Гүлжаннат улам бырыктап-шырыктап мурдун тартып ыйлайт энем таң калып:
-кызым не ыйлайсың?
-аябай жакшы адам экенсиз, неге жакшы адамдар оорушат?
Чоң энем экөөбүз тең күлдүк. Ошентип Гүлжаннат бизге дасторкон жайып үчөөбүз чогуу чай ичтик. Энекем келиндин колунан чай ичтим деп кубанычы койнуна батпай, жашара түштү. Жүзүнө кан жүгүрүп Гулжаннат ата-тегин сурап, менин бала чагымды айтып берди. Аябай бактылуу болуп күлүп отурдук. Ошол убак эшик ызы-чуу түшүп Гүлжаннаттын ата-энеси кирип келди. Жанында бир эки балада бар экен. Мен некылаарымды билбей калдым. Атасы туура мага келип шапалактап чаптыда:
-менин кызымды алып качкыдай кимсиң сен?
Гүлжаннат:
-ата! Анда күнөө жок! Мен өзүм келдим.
Апасы:
-жаап оозуңду, бас бери! Ай жигит, сен өзүңдү ким деп ойлоп жатасың? Я? Менин кызым малбы сага?
Чоң энем сөзгө аралашып:
-балам эмне болду? Мен түшүнбөй калдым.
Гүлжаннаттын апасы:
-эмнесин түшүнбөйсүз, сиздин балаңыз менин кызымды ала качты.
-эмне?
-силерде эмне куда түшүү, колун сурап баруу деген жокпу. Бар да туурабы? Бар болсода биздин жетимге берчүү кызыбыз жок.
Жүрөгүмө канжар мыкчый тийгендей болду, дем алышым тездеп өзүмдү араң кармадым. Гүлжаннат ыйлап:
-жетим болсо эмне экен, ата-энеси бар балдарга караганда миң эсе жакшы ал. Тийбегиле, мен ушул жерде калам.
Атасы:
-токтот! Эй жигит!? Жигиттик намысың болсо, карыган энеңди кыйнабай, алыңа жараша иш кылгын. Энеке балаңызга жакшылап тарбия берип коюңуз. Кеттик!
Гүлжаннатты эки жигит чыңырткан бойдон алып чыгып кетти. Мен не кылаарымды билбей туруп калдым. Энеме карасам жүрөгүн кармап, ушалап жатыптыр. Дароо жанына отура калып:
-энеке эмне болду сизге?
-жүрөгүм...
-энеке азыр.
-токто балам.
-суу ичиңиз.
-ал менин суум эмес, менин ичээр суум түгөндү балам. Бул кыз бактың эмес экен, бактыңды тап балам.
-жок энеке бары башкача болот.
-балам, жүрөгүм катуу ооруп жатат. Мен өлөт окшойм. Мени кечир балам, ал кишинин сөздөрүнө көңүл бөлбө, мен сени аларга тең кылып өстүрө албадым.
Ыйлап жибердим...
-энеке , тескерисинче алар биздин теңибиз эмес.
-балам... мен кетип жатат окшойм.
-жок энеке...
- Ля Иляха илля Ллах, Мухаммад расулю-Ллах.
-эне...
- Ля Иляха илля Ллах, Мухаммад расулю-Ллах
Энекем келме айтып жатты. Атымды айтып ыйлап сырттан Гүлжаннат келатты. Дароо туруп эшикти тарс жаптымда энемди карасам, энем жан бериптир. Ордумда катып калдым. Жүзүндө нуру жанып турду. Гүлжаннат эшикти ачып кирип эле чыңырып жиберди. Ошондо өзүмө келе түштүм. Карасам энекем көзү ачык, көзүнөн жашы агылып түштү. Дароо кучагыма кыса калып ыйлап жаттым. Аңгыча Гүлжаннаттын ата-энеси ачуусу менин кирип келип чоң энемдин жан бергенин көрүп үн-катпай туруп калышты. Колдорум калтырап турган эле. Дароо ордумдан турдумда Гүлжаннатты атасына карап бир түрттүмда:
-алып кет кызыңды! Жогот көзүмдөн. Алар менен келген эки баланын бири келе калды эле дароо жыгыта согуп,баса калып өкүрүп-бакырып болгон күчүм менен уруп жаттым. Экинчи бала келип мени түртүп салды. Дагы урайын деп өзүмдү кармап калдым.
-чыгып кеткиле! Кеткиле! Чык!
Баары чыгып кетишти. Эшикти жаптымда энекемдин жанына отуруп ачылган көздөрүн жаптым. Эшикти кимдир бирөө ачканын дароо тура калсам кошуна эже экен. Ал мага апамдай болуп калган, чоң энемди да мен жокто карап жүрдү. Менин ыйлап жатканымды көрүп:
-түшүнөм балам, сабыр кыл эми деп бооруна басты.
Мен ошондо ичтен сызып,акырын гана ыйлап кирдим.Адам баласы ушундай убакта мээримге муктаж болуп калат тура, кошуна эжем ошол мээримди өз убагында мага берип турду. Көз жашым тыйылбай ыйлай бердим. Эчким мени токтото алган жок. Энемдин курбусу болгон кемпир келип алдыма отуруп:
-э! Эркек дегенда сендей болобу? Чоң энең сени эрлерче өстүрдүм деп мактанат элего.Кыздарга окшоп кайра-кайра ыйлаганың эмнеси? Энең көп жашасада, жакшы жашады балам, намазын окуду, сени окутту дагы эмне керек эле? Өлөрүндөда келме келтирип өлсө керек туурабы?
Мен башымды ийкедим.
-келме келтирсе энең жаннатка чыгыптыр балам, энеңдин ниети туз жакшы киши эле. Ким эле келме келтирип жан берип жатыптыр? Сүйүнбөйсүңбү кайра! Өлүм ар бир пенденин башында бар. Кана башыңды көтөрүп өзүңдүн кандай кайраттуу экениңди көрсөтчү. Энең кандай курч кылып тарбиялаганын көрсөтчү балам. Жашыңды тый, сыртка чыгып элдерди тосуп ал. Ай келиндер, калпак чапанын берип койгула.
Ал чоң эне келбесе өлгөнчө ыйласам керек эле. Өзүмдү колго алып сыртта турдум. Эхх, тагдыр экен. Энекемдида жерге бердик.
Гүлжаннаттанда ажырадым. Телефонда чалбадым. Алда чалган жок.
Эки айдай үйдө жүрүп акыры моссквага мигрант болуп кеттим. Бир айылдаш байке иш таап берем деп барып акчамды алып качып кетти. Мына сага, эчкимим жок. Жаңы жашоо башталды. Көчөдө калдым, же кыргыздарда аз, аз болсода эчким жардам бербейт. Көчө кезип чала-була орусчалап сүйлөп орустардан иш сурадым. Эчким жардам колун сунган жок. Күн суук, кыш эрте келет тура бул жака. Сумкамдагы кийимдердин барын кабаттап кийип алып четирек жерге чыгып жерге эле түнөп калдым. Уктап калыптырмын. Бетим суу боло бергендиктен ойгонуп кеттим, турсам кар жаап жатыптыр. Мына сага кордук, тоңуп титирей баштадым. Заматта кар чакалап төккөндөй эле төктү. Ары кылдым, бери кылдым, акыры тагдырыма тарындымда башты жерге салып отуруп калдым. Чоң энем эсиме келди, Гүлжаннаттыда эстедим. Ал үйдөн кеткенде эле телефонду чаап таштаган элем, азырда телефонсуз, же акчасыз, ач карын жүрөм. Курсагым ачып кар жей баштадым. Акыры чыдабай ыйлап жибердим. Тоңуп бүрүшүп отурсам бир нерсе башыма тык тийди. Акырын башым көтөрсөм бирөө алдымда тапанча такап туруптур:
-ты кто? деп суроо узатты.
-я, Кыргыз.
-какой ещё кыргыз?
-а ты кто?
-я? киллер, ты что меня не знаешь?
-нет.
-а ты от куда?
-из Кыргызстана.
-Кыргызстан... аа из Киргизии да?
-аха.
-чё тебе жит надоело что ли?
-почему?
-что ты делаешь здесь? Давай я тебе стрелаю, просто умрёш.
-нет братан.
-ахаха, зачем живёш? По любому умрёш деп тапанчасын октогондо дароо ичине кирип, артына өтүп белинен кармап көтөрүп ташка чаптым. Ык! Эткен бойдон башынан кан кетип жатып калды. Некылаарымды билбей калдым. Дароо качып жөнөдүм. Качып баратып боло албай жардам бергени келатсам алдымдан чыгып калды. Орусчалап сөгүнүп эми атайын дегенде дагы соктумда качып кеттим. Билбейм кайда качып, кайда барам, магада түшүнүксүз. Андан көрө өлүп калсам жакшы болмок. Бир үйдүн алдына келсем иттин үйү бар экен, ичин карасам ит жок, чоң ит жатканбы же чоң кылып жасаганбы ичи жылуу экен... ичине кирип жатып уктап калдым. Таң атпай бирөө тыкылдатат, коркуп кетип дароо чыксам:
-ээ не бойся, успокойся, всё, всё брат.
Мен өлгүм келген жок, акырын өзүмө келип алдымда, тиги орус жигит жаныма жакын келгенде ээктен ары томолото согуп качып жөнөдүм. Тээ алыска чейин качып барып бир кычыка жашынсам тап! Эткен үн чыкты . Ары-бери карасам эчким жок. Кулагыма угулуп кетти деп терең дем алып дубалга сыдырыла отурсам:
-у тебя хороший удар.
Жүрөгүм оозума келип калды. Дароо туруп добуш кайдан чыкканын таппадым. Аңгыча тамдын башынан жанагы орус бала, секирип түштү. Артымдан жетип келгенине таң калдым.
-не бойся брат, я тебе не трону. Всё нормально деп жаныма келип колун сунду. Мен коркконум менен чабуулга даяр турдум. Ал жылмайып:
-мне Олег зовут, ты не русский да, ты азиат да?
-да... я Кыргыз.
-аа понятно.
Ошентип ал орус жигит мени үйүнө алпарды, орусча жакшы түшүнө бербечүмүн анын сөздөрүнө кыйналып жооп берип жаттым. Ал менин курсагымды тойгозду. Сумка чыгарган жерде иштейт экен. Менида ошол жерге ишке киргизип койду. Экөөбүз ар кандай сумканын материалын кесип даярдадык. Мага кыйын деле болгон жок. Олег менен жакын дос болуп кеттим. Кечинде үйгө келип жаткан соң Олег чыгып кетти. Өзү жалгыз жашайт экен. Уктап жатсам бирөө эле өпкүлөйт, тура калсам Олег эки кыз алып келиптир, бирөө менен жатат ары жакта, мага бири келип жабышып жаткан экен түртүп жибердимда сыртка чыгып кеттим. Олег токто дегенине карабай чыгып тамеки чегип отурдум. Тамеки чегип жатсам чоочун кишилер келип мага карапда койбой үйгө кирип кетишти. Бир убакта кыздар кыйкырып сыртка чуркап чыгып кетишти. Эшикти ачсам кулпулап коюшптур. Олег бакырынып эле бирдекелерди сүйлөп жатты. Аңгыча тапанча тарс! Этти. Шашып кеттим. Олеге жардам берейин деп эшикти жулкуп тарта баштадым. Олег терезеден ашып түштү. Ичине ок тийиптир. Некыларымды билбей турсам эле тиги үч киши эшикти ача калышты. Мен дароо качып кеттим. Үйдү айланып өтүп колума таяк алдым. Алар Олегтин жанына келгенде үчөөнү тең сулайта чаптымда Олегти жонума көтөрүп качып жөнөдүм. Бир жерге келип ичин таңдым. Ал досторуна чалды. Дароо келип бизди алып кетишти. Ошентип аны куткарып калдым. Олег сакайган соң барын айтып берди. Көрсө ал криминал топтун башчысын уруп койгон экен. Артынан издеп келишиптир. Алар бизди тынч койбойт деп эки айча жашынып жашап жүрдүк. Ал убакта орусчада үйрөнүп алдым. Криминалдар барибир бизди табышты. Биз жеңилип бердик. Бирок бизге тийишкен жок, сылык мамиле кылып унаага отурушубузду суранышты. Бизди кайдадыр алып барышты. Көрсө булардын башчысы алмашыптыр. Жаңы башчысы Иван биз менен кызматташууну каалаган экен. Олег менен сүйлөштү. Мен сыртта турдум. Олег чыккан соң эмне болгонун сурадым. Ал бизди казиного күзөтчү болушубузду айтыптыр. Ошентип жаңы иш менен камсыз болдук. Күндөрүбүз көңүлдүү өтө баштады. Жумуштан соң ичебиз, чегибиз, шаар кыдырабыз, клубка барабыз каалаганыбыздын баары орундалып жатты. Иван бизге канчалык жакшылык кылсада Олег алардан сак бол дей берчүү. Мен такыр түшүнбөчүмүн. Бир жылдай жүргөн соң Олег экөөбүзгө балдарды бөлүп берип койду. Экөөбүз эки жакта иштей баштадык. Мен такыр бузулуп кеттим. Акыркы күндөрү наша колдоно баштадым. Кыздар менен болдум, үч адамды өлтүрдүм. Шефтин буйругун аткардымда бирок эртеңимди ойлогон жокмун. Кайра өзүмдү-өзүм соттоп, таразалап баштан өткөн күндөрүмдү күндөлүкө жаза баштадым. Бир күнү бардык балдар чогулдук. Россиялык олигархты өлтүрүшүбүздү буйрук кылды, бирок Олег каршы чыкты. Мен аны түшүнбөдүм. Олегти четке тартып:
-эмне үчүн каршы чыгасың?
-ал өлтүр десе эле өлтүрө бересиңби? Эртең милицияга түшсөң ким куткарат сени? Кантип акталасың? Айтчы кана?
-билбейм.
-билбей туруп неге өлтүрүп жатасың анда.
Шеф бизди угуп турган эле. Алдыбызга келдида, каткырып күлүп дароо тапанчасын алып Олегти атып салды.
Комментарии 192
Уландысын кутобуз