1 - бөлүм.
Бала чагымда үйгө мейманга бир касиеттүү олуя табыптын урпагы ак сакалдуу карыянын келгенин, ал аксакал чоң атасынын жыландар менен арбашкан жылан тилин билген касиеттүү киши болгонун, олуя табыпчылыгын, жылан жутуп алгандардын ичинен жыландын чыгарып, канча оору сыркоолуу адамдарды дарылап сообуна калганын, чоң атасынын окуяларын узун түндө баяндап бергенин башка аңгемемде айтпадым беле. Бүгүн да сиздерге ошол аксакал аванын баяндарынын бирин жарыялайын:
Көздөрүү оттуу мээрим чача тиктеген, жазы маңдай, бүркүт кабак ээгинде аппак чокчо сакалы бар, каректери тээ алыскыны таразалап өлчөп жаткан сыяктуу сырдуу көрүнгөн кыраакы олуя табып бир ордунан козголбой ойлуу олтурду. Адамды сынай билген киши болсо бир караганда эле карыянын жөн киши эмес экенин, адамды өзүнө тартып турчу кандайдыр бир жылуулуктун илеби келип турганын байкамак, карылыкка моюн сунуп баратканы бырыш баса баштаган жузунон билингени менен кайраттан тая элек, бирок бүгүн олуя абышканын ойлору чачкын, буга себеп өзүнүн барган сайын карып ал кучтон тайып баратканы..... Өзүндөгү улуу касиет жаман жакшынын болоорун алдын ала туя билген олуялыгы, жыландардын тилин билгени, дуба окуп жаан жаадырчу касиетин, табыпчылык өнөрүн өткөрүп бергени уул - кыздарын байкаштырып жүрөт бирок бири да дилгирленип эт - бетинен кетип кызыгып артынан тушушподу, өзүндөгүдөй касиеттин кыпындай белгилери билинсе дароо ошол уулун үйрөтүп табыпчылыкка тарбиялайын, дубаларымды үйрөтойун деп ынтылат бирок уулдарынын бири да кызыкпады кыздары да көңүл кош.....
Кичүү уулунун экинчи баласында бир мандем бардай, чоң атасынын жанынан чыкпай кайда барса ээрчип бута бастырбай кийимин кийип даяр турат, "кой балам сага ал жакка болбойт, чоң атаң жыландар га барат" деп чоң энеси бир жолу коркутуп да көрдү, ага да болчудай эмес, кайра "мен да чоң атамдай жыландар менен сүйлөшом" деп баарынын оозун ачырды. Чоң атасы да өзгөчө ага жакын, атына учкаштырып алып көбүнчө кошо алып жүрөт... Жашы он үчтөн ашса да кылыгы беш алты жашар баладай эркерээк. Дагы бир кызынын он бир жашар уулу да таятасына жакын, айылдап келсе эле таятасынын тизесинен түшпөйт, уулунун баласы экөө олуя табыптын эки тизесин башка неберелерине оңойчулук менен кармата коюшпайт.....
Карыя уулдарынын кызыкпаганын көрүп табыпчылыгын, олуялык сырларын ушул эки небересинин бирине жакшылап уйротмой болду, антпесе табыпчылык өнөрүн улуу касиетин өзү менен кошо көргө чогуу алып кеткенде эмне пайда, андан көрө неберелери үйрөнүп алса эртең эле өзүнүн көзү өткөндө керектээр элге жардамы тийер көп адамдын сообуна калаар..... Атасы менен кошо жүрүп көп нерсени уйронду, атасы кургакчылыкта дуба окуп жамгыр жаадырган тээкчи күчтүү киши эле, канча жыландарды көрдү атасы арбашкан жыландын жарылып өлгөнүн да өз көзү менен көрүп калбадыбы, кут даарыган атасынан калган бул өнөрдү урпактарына калтырып кетүүсү абзел экенин олуя ата жакшы билет. Неберелери жаштык кылат, аны да ойлонду, олуя ата "көзүмдүн тирүүсүндө өмүрүмдүн акыркы жылдарында онорумду урпактарыма калтырайын десем уулдарыман чыкпады, неберелерим көтөрө алабы жаштык кылабы" деген ойлору жүрөгүн өйүп келет. Кызынын уулуна да үйрөтүп аны да табыпчылыкка тарбиялагысы келет, бирок ал небереси дайым жанында эмес анан да бул нерсеге абдан жаштык кылат... деген ой мээсин бир арбап өттү.......
Олуя ата эми небереси уулунун баласын жанынан чыгарбай тоо ташка дары чөпторду жыйноого барса да кошо алып барат, жайбаракат саймедиреп небересине кайсы чөп кандай ооруга шыпаа болоорун айтат, чөптү кандай кезде топтош керек, кантип дары жасоо жолдорун ар күнү кайталайт, зирек бала чоң атасынын айтканын дароо кулакка илет. Аска тоо аралап барып мумияны кырып чогултушат, "алтын тамыр" чөбунун тамырын казып келишет, бозун аш чөбүнүн сапсары гүлдөрү да чоң атасынын баштыгына түшөт. Жолунан жылан чыкса бала коркпой өзүн токтоо тутат, чоң атасынан уккандарынан улам жыландар жашоосунан маалыматы бар, өзүң тийишпесең алар да чакпайт дегенин чоң атасы эскертип эле журбойбу.... Жыландын кеги жаман, бирөөгө очошуп калса бир көз караштан ошол адамдын элесин карегинде унутпай сактайт, "алтын башым аман болсо алты жылда табармын, куйрук башым аман болсо кырк жыл өтсө табармын" деп кектенишин айтып берген. Анан да топ болуп жашаган ордолуу жыландар, жалгыздап жашаган жыландардын кеги туурасында да чоң атасынын кебин кулакка куйган, ордолуу жыландардын кеги күчтүү болоорун көп жолу эскерткен. "Жылан чакыруу" дубасын, алардан "кечирим суроо" дубаларын да олуя табып эки небересине тең үйрөтө баштады. "Бири болбосо биринин башында калып уйроноор, экөө тең тетик жаш болсо да" деген ойлору менен алпурушуп жүрүп карыянын беш жылдык өмүрү өтөт. Ал жылдар ичинде кургакчылык болгон айлары эки небересин эки жагына коюп алып күн түн чалыкпай дуба окуп жамгыр жаадырып элдин эгин тегинин сактап калган убактары далай болбодубу...Өчошуп калса кишини арбап уктатып коюп ичине кирип алган адамдардан канчоосун куткарды, кээ бири андан көз жумду, баягы жылан жутуп алган жаш келиндин, байбиченин окуясы да бар.....
Бир уруу баары чогулуп бакыйган бир айыл эли өзгөчө ынтымак, буга айыл элине өзгөчө кадыры бар олуя табып аксакалдын туура сүйлөп ар дайым калыстык кылганы, элди ынтымакта чакырып асыл сөзүн айтып келгени нарктуу кептери себеп.... Эл жайбаракат турмушун өткөрүп жаткан жайдын толукшуган бир күнү айылдагы жесир аялдын жалгыз карманган уулун жылан чагып алат, уулу ишип көөп боз үйгө келип апасына жылан чакканын айтып жыгылаары менен өзүн жоготот... Уулун өлүп калды деп ойлогон аял "жалгызыман айрылып не күндө калам, оо кудай бар болсоң боздотпой мени кошо ала кет" деп сыздаган эненин абалын сөз менен айтып жеткирүү оңой эмес,, аялдын боздогон үнүн угуп кошунасы кирет, ойлонуп олтурушпай дароо олуя табыпка киши чаптырышат.....
Уландысы бар.
Сара Камалова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев