ТАТУАЖ КИМДЕР ЖАСАТСА БОЛОТ?
Татуажды, негизинен, татуировка деп айтууга болот. Болгону, татуаж жалаң гана айымдар арасында колдонулуп, териге өтө терең чегилбейт. Анан да убакыттын өтүшү менен өңүн жоготуп, таптакыр кетип да калат. Албетте, бул үчүн да адистердин жардамына муктажсыз.
Бул кызматка көбүнчө өз келбетине канааттанбаган, косметикалык каражаттардан аллергиясы бар жана көрүүсү начар кыз-келиндер (күндө боёнуу кыйынчылык жаратканы үчүн) кайрылышат.
Алдын ала татуаж жасала турган жер (каш, көз же ооз) белгиленип, жарашыгына карап формасы жана түсү аныкталат. Анан оорутууну сездирбей турган атайын май же гель сүйкөлөт. Дары таасир бергиче боёк даярдалып, атайын аспапка куюлат. Ан