Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Тойго бардык. Өзүм деле тойду көп жактыра бербеген кишимин, кыйылып жатып араң баргам. Үлпөт той болчу. Баары жаштарга каалоо айтып башташты. Жок, көбүнчө келинге. "Сен жакшы болсоң эле, кайненең, кайнатаң үн катпайт, ушу үйдүн эми ишенгени сенсиң. Жакшы аял жаман эркекти хан кылат, болбосо жок кылат. Кайненеңе ысык-ысык чай бер"...
Айтор, той башталгандан баштап келинге насаат. Жанында жолдошу деле отурат. Ага кайрылып койгон киши жок.Куду эркек тиги аялзатына үйлөнгөнү үчүн рахмат айтсын дегендей. Таң калдым. 19 жаштагы үлбүрөгөн бирөөнүн кызына ийинине туура келбеген жүктү үйүп жатышат. Эмнеге эркекке эмес? Деги эле эмнеге аял эле жакшы болсо баары зымга тизгендей сонун болот деп ойлошот