Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
ШАЙТАНДЫН БЕШ КАДАМЫ Иблис текебердигинин айынан Алланын өкүмүнө баш ийбей, Анын мээриминен куру калганда да өзүнүн адашуусуна Аллахты күнөөлөйт. Ичкүптүсү менен адам тукумун кыйратарына сөз берет. Аллах #куран_аят'тарда Иблистин мындай дегенин баяндайт: فَبِمَا أَغْوَيْتَنِي لأقْعُدَنَّ لَهُمْ صِرَاطَكَ الْمُسْتَقِيمَ * ثُمَّ لآتِيَنَّهُمْ مِنْ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ وَعَنْ أَيْمَانِهِمْ وَعَنْ شَمَائِلِهِمْ وَلا تَجِدُ أَكْثَرَهُمْ شَاكِرِينَ «(Иблис): «Мени кууп жибергениң үчүн мен аларга каршы Сенин туура жолуңа отуруп аламын. Анан аларга артынан да, алдынан да, оң тарабынан да, сол тарабынан да келемин да (адаштырамын), мына ошондо алардын көбүн (Сага) шүгүр кылууч