Кызым сага куда түшүп бирөөлөр.
Макул болдук, атаң - апаң күнөөкөр.
Жакшы адамдар, биз аларды тааныйбыз.
Жок дебе да, сен да эми бүлөө көр.
Жок! жок апа, туура эмес бул ишиң.
Мен көнбөймүн, кааласаңыз урушуң.
Сүйгөнүм бар, ага чыгам буюрса.
Өзгө менен, курган турмуш курусун.
Болду токтот, биз айтканга чыгасың.
Атаң билсе, катуу сөгүш угасың.
Сен эмнени билмек элең турмушта.
Ата - энеге кулак салсаң утасың.
Сүйөмүн деп, кайдагыны баштаба.
Болду жетет, куру - бекер жаштаба.
Турмуш деген оюн эмес ойночу.
Кадамыңды, ката жолго таштаба.
Бөлмөсүнө кирип алып солкулдап.
Кыз ыйлады, жан дүйнөсү болкулдап.
Мына минтип тагдыр жатса жанчылып.
Анан кантип, көз жаш төкпөй олтур