Жаным апакем туулган кунунуз менен, жанынызда эмесмин бирок журогунуздомун, журогумдосуз
Жашоомдун жарчысы.
Апакебай ыйыгымсын сыйынган
Бул жашоодо жалгыз сен деп кыйылам.
Мээримине таазим этип дайыма,
Урмат менен бут алдына жыгылам.
Уктай албай откоргон тундорунду,
Алдейлеген бешиктеги ундорунду.
Салыштырар элем очпос чыракка,
Туболуко жарык кылган куугумду.
Апа сен сезимдерге нурун чачтын,
Толкундап коз ирмебей ойго баттым.
Коптогон адамдардан жалгыз гана,
Жылдыздай жанып турду сенин атын.
Кеткен сайын жаштык менден ыраактап,
Карааны анын ашуулардан кылактап.
Артып барат сизге болгон ызатым,
Апакебай ак сутуно ырахмат.
(АТИРГУЛ АМДАМОВА)