Расулуллахтын сага саламы бар🌙
Карызын төлөй албай жүргөн бир кедей киши Равза-и Мутаххарага барып: "Эй, Расулуллах! Шафаат кылыңыз, карызым бар, төлөй албай жатам!” – деп арызданат. Бираздан кийин уктап калат. Түшүндө Расулуллах алейхиссаламды көрөт.
Пайгамбарыбыз алейхиссалам🌹"Баланча жерге бар, ал жерде бир бай киши бар, ага менден салам айт, карызың канча болсо, ошончо акча сура. Туура айтып жатканыңа далил сураса ар күнү мага 100 салават айтпастан жатчу эмес, кечээ аны унутуп койду... Ошону эстет, бүгүн кечинде айтып жатсын”, - деп айтат.
Чоочуп ойгонуп кеткен кедей бай адамды издеп табат. Байдын үйүнө барганда анын саман элеп жатканын көрөт. Саманга беш тыйын акчасын түшүрүп алып, ан