Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Санкт-Петербургда жол кырсыгына кабылган 20 жаштагы Кыргыз кызга каражаттын жетишсиздигинен 15 күндөн бери операция жасалбай жатат
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 1997-жылы туулган Абдикаим кызы Мадина жол кырсыгына кабылып, учурда аталган шаардын ооруканаларынын биринде жатат. Кырсык 16-августта кечки саат 8:00 чамасында болгон. Ал эми Мадинаны сүзүп кеткен адам ага жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул тууралуу жабыркаган кыздын бир тууган агасы айтып берди. "Карындашым 16-августта кечинде жумуштан чыкканда кырсыкка учураган экен. Биз аны издеп эки күндөн кийин ооруканадан таптык. Буту 5-6 жерден сынып кетиптир. Күбөлөр карындашымды мотоцикл коюп кеткенин айтып