Унчукпа ,жаман айтып ажылдаба,
Эч убакта тенелбейли тили ууга…
Тим койгун унчукпагын,басып ары,
Жаман кепке ууланып жараланба…
Унчукпа,кеп талашып акыйлашпа
Укпагын дүлөй болгун анча -мынча,
Ачууга алдырбагын,токтоо болгун,
Унчукпа жаман менен эч айтышпа…
Унчукпа,ушак айтса,гыйбат кылса,
Пайда жок,андан көрө дудук болгун…
Тенелбе жаман кеп угуп калсан,
Унчукпа, унчукпастан женип койгун…