БИР ТУУГАНЫМА О, тууганым, кел орозо кармайбыз, Отуз күндү өткөрөбүз бал-майсыз. Ооз ачканда суунун билип кадырын, Отуз түндү акыретке арнайбыз. О тууганым, кел орозо тутабыз, Болсо эгер ичибизде ызабыз. Баарын четке кагып таштап, унутуп Капаларды, каталарды сызабыз. Ээрип бүтсүн көңүлдүн кир муздары, Кудай берген мүмкүнчүлүк бул дагы. Куттуу болсун бир жылда бир жылмайган, Кереметтүү бүт айлардын султаны. Ар амалдын түшкөн жери тараза, Таразанын оң тарабы садака. Жаздыкты эмес, Жаратканды сүйөлү, Эртең бизге окулганча жаназа. Кызмат кылып, бүт өмүрүн арнаган, Кыйшайбастан түз ташталып ар кадам. Күн ысыкта Аллах үчүн талыкпай, Кабыл болсун орозобуз кармаган.