Сананын жүгүн артып кубарамын, Күн сайын унута-албай убарамын, Башканын сүйүүсүнө азгырылып, Кетпечи жаным сенден суранамын. _________ Турмуштун туманынан тунарамын, Кечиргин унут дебе сурабагын, Жалгыздык кучагына таштап мени, Кетпечи жаным сенден суранамын. _________ Эркиндик өзүңдүкү туура жаным, Ойлобой тагдырды сүрө жагын, Мен дагы бактымды тапкан кезде, Адаштым деп кечирим сурабагын.