Биздин айыл тоолор менен курчалган,
Кун жылмайып тоо башынан нур чалган,
Шамал журсо шуулдашып бой керип,
Тал теректер кокту карай умтулган,
Биздин айыл чон чычкандын жээгинде,
Тунук суусу кызмат кылат элиме,
Суусаганын суусу менен кандырып ,
Жашоо берет элибиздин жерине.
Биздин тоодо алтын кумуш катылган,
Торт тулук мал тоо бетинде жайылган,
Куздо келсен тушум батпайт кампага,
Чеке тердеп мээнет менен табылган.
Монгу жатат Нур аалыдай чокуда,
Сансыз булак шылдыр агат коктуда,
Бара берип дарыяга айланат,
Курпулдогон чон кошойго кошулса.
Биздин айыл окум сурот ынтымак,
Илимпоз коп уул кызы тын чыгат,
Жатка билип Байдылданын ырларын,
Окуучулар гул ордуна , ыр сунат.
Биздин айыл