Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Урматтуу Олжокем, туулган күнүң кут болсун! Мен сени менен ар дайым сыймыктанам. Анткени сен, айылыбыздын, Ат-Башынын , Нарындын, ал гана эмес Республиканын намысын коргоп келесин ! БУЛ ЭЧ КАЧАН чек болбосун! Келечекте мекен үчүн , намыс үчүн эмгегиңди арнай бер! Баскан изиң ийгиликке курчалсын! ишиңдин ийгилиги артсын! Дагы бир жолу туулган күнүң кут болсун! Албетте кудайым буюрса жаныңда жандаган ак жоолук болушуна тилектешмин.
Бүгүн 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Калинин айылынын "Кенбил булагы" бала бакчасында жогорку уюшкандыкта наристелер концерттик номерлерин тартуулашты.Мотураңдаган келечек ээлери болгон наристелердин аткарган ыр , бийлери тим эле жүрөк эзилтет. Ал гана эмес , тарбиячылар өздөрүнүн таланттарын тартуулашып , келген көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. Концерттик программанын аягында тарбияланып жаткан наристелердин ата -энелери жана жеке өзүнүн атынан демөөрчүлүк кылган ата-энелер чакан таттуу белектерин таркатышты. Сөзүмдүн аягында бала бакчанын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем. Сиздердин эмгегиңиздер абдан зор жана маанилүү дегим келет.