🐏 *КУРБАНДЫК ЧАЛУУНУН ТАРЫХЫН БИЛГИҢИЗ КЕЛЕБИ?!*
☝🏻 *Анда көңүл буруңуз ..*
*"Оо, Ибрахим, кара чечекей сүйүктүү уулуңду курмандыкка чал!.."*
Бүт дене-бойду дүркүрөткөн, көктөн келген бул буйрук мээримдүү пайгамбар жана боорукер ата, Азирети Ибрахим алейхиссаламга берилди. Бир канча жыл мурда "уулдуу болсом, аны Кудай үчүн курмандыкка чалам" деген убадасы эми минтип түш аркылуу эскертилип, аны орундатуу талап кылынган эле...
"Ибрахим", ысымынын төркүнү болгон "Абун рахим" деген сөз айкашынан белгилүү болгондой, "өтө мээримдүү, боорукер ата" дегенди туюндурат. Ал өтө сезимтал болгондуктан, Алла Таала аны "Ибрахим чындыгында өтө кең пейил, сезимтал, кечиримдүү, алпейим жана өзүн Кудайга