ТАНДООҢ.
Тагдырга минтип сындалсам дагы,
Таалайсыз күнгө чырмалсам дагы.
"Бактылуу болсоң өкүнбөйм" дедиң.
Баарыбир ичтен кыйналсаң дагы.
Ал сенин ооба танбаган катаң,
Алыста калсын сандаган капам.
"Бактылуу болсом" кантесиң билбейм,
Башканын колун кармаган жатам...
Кызганчаак элең аныңды ойлоп,
Кыйла күн күткөн таңымды ойлоп.
Акыры сенден бөлүнөт окшойм,
Адамдай жерде барымды ойлоп.
Тилегиң жерге көмбөсөң болду,
Тирүүлөй туруп өлбөсөң болду...
Ак көйнөк кийген, бактылуу кызды,
Ай өтпөй жолдон көрбөсөң болду.
Жароокер жанга, жар болгон кызды,
Жыл өтпөй жолдо көрбөсөң болду!!!
М. Айтимбетова
19.04.2017